КРде жеке нотариустарга лицензия алуу татаалдашы мүмкүн

Буйруктун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Юстиция министрлиги жеке нотариустук кызматтарды көрсөтүү үчүн лицензия алуунун шарттарын татаалдатууну пландап жатат. 

Буйруктун долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Саккараева: ачык маалыматтарды акысыз колдонууга шарт түзүлөт
Министрликтен билдиришкендей, учурда мамлекеттик нотариус болууну каалагандар үч баскычтан турган экзаменден өтүшөт. Алар: компьютердик тестирлөө, практикалык тапшырма жана маектешүү. Ошол эле учунда жеке нотариустар бир гана компьютердик тестирлөөнү өтөт. Андыктан, алардын кесипкөйлүгүн толугу менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөйт.

Мындан улам министрлик жеке нотариустук кызмат көрсөтүүнү каалагандарды дагы үч этаптык экзаменден өткөрүүнү демилгелеп жатат.