Индонезиядагы цунамиден каза болгондордун саны 300гө жакындады

Табигый кырсыктан жабыр тарткандардын саны 1000ден ашып, 57 адам дайынсыз болуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Индонезияда болгон цунамиден каза тапкандардын саны 281ге жетти. Бул тууралуу Straits Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу
Акыркы маалыматтарга караганда, табигый кырсыктан жабыр тарткандардын саны 1000ден ашып, 57 адам дайынсыз болуп жатат.

Эске салсак, кырсык Индонезиянын батыш тарабындагы Ява жана Суматро аралдарын бөлүп турган Зонд куймасынын аймагында ишемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 20.27де болгон.

Өлкө бийлиги цунамиге Анак-Кракатау жанар тоосунун жандануусунан улам суу алдындагы козголуулар себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо.