БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Улуттук китепканада Роза Айтматованын "Тарыхтын актай барактары" жана журналист Эсенбай Нурушевдин "Айтматология: "Жамийла" жана улуттук эрос" аттуу китептердин бет ачары болот. Бул туурасында иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Иш-чара 25-декабрда Алыкул Осмонов атындагы китепкананын Чыңгыз Айтматов залында өтөт.
Залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматованын бул китеби толукталып, кошумчаланып, үчүнчү ирет басылды.
"Автор атасы Төрөкул Айтматовдун ишмердүүлүгүн иликтеп, архивдик документтер менен иштеп, кайрадан толуктап, өзүнчө глава менен жазып чыкты", — деп айтышты иш-чараны уюштуруучулар.
Китепти басып чыгарууга "Кереге" коомдук фондусу көмөктөшкөн, нускасы 1000 даана.
Бет ачары боло турган экинчи "Айтматология: "Жамийла" жана улуттук эрос" аттуу китеп белгилүү журналист, публицист Эсенбай Нурушевдин калемине таандык.
Анда Айтматовдун каармандарын дүйнөгө тааныткан чыгармаларына философиялык-илимий терең анализ жүргүзүлүп, дүйнөдөгү башка мыкты делген философиялык эмгектерге салыштырылып жазылганын айтышты.