Бишкек борбор калаа болгондуктан бул жердеги автоинспекторлор салыштырмалуу сылык. Республиканын аймактарындагы инспекторлордун этикасы кейиштүү абалда. Мындай пикирин Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактагы айдоочулардын көпчүлүгү инспектор мыйзамсыз токтотсо же орой мамиле жасаса кайда кайрыларын билишпейт. Анткени ИИМ тарабынан мындай маалымат калкка таратылбайт.
"Борбор калаада аймактардагы кесиптештерине караганда инспекторлор бир аз да болсо эрежени сакташат. Ал эми аймактарда алар өздөрүн өтө эле эркин алып жүрүшөт. Мыйзамды өздөрү бузган учурлары көп эле болот, бирок айдоочулар инспектордун мыйзам бузуп жатканын көрүп турса да эч нерсе дебейт. Анткени андан ары кайда кайрыларын билишпейт. Бул боюнча коомчулукта эч кандай маалымат жок. Тез байланышуучу булактар каралган эмес. Кагаз иштери узак убакытты талап кылгандыктан, айдоочулар анын артынан чуркап жүргүсү келбей, маселени жеринде чечишет. Бул нерсени тиешелүү министрлик эске алып, эл менен тыгыз байланыш түзүүчү каналдарды ачып, автоинспекторлордун жоопкерчилигин арттырса болот", — деди Жолдошев.
Ал жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин мындай мамилесине айдоочулар да күнөөлүү экендигин, башкы себеби эки тарап тең мыйзамды аткарбай жатканын кошумчалады.