Табып Хашим Зайналиев кармалды. Ал дароо президентке кайрылуу жазды

2016-жылы Зайналиевге кайрылгандан кийин 56 жаштагы аял каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Ишемби күнү, 22-декабрда, табып Хашым Зайналиев кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине тартип коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди.

Табыпты Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери кармаган.

Зайналиев Facebook тармагындагы баракчасына бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылаарын айтты.

"Менин жана бизде жаткан 20дан ашык оорулуулардын унун Президентке жеткиришкен жок.

Бул менин акыркы постум болуп калуусу толук мумкун!

Октябрь РОВДсынын милициясы келип, мени камакка алып бара жатышат.

Кыргызстанды эмчи-домчулар каптайбы? Акысыз медицинаны жоюу боюнча 7 пикир
Бейтапканада олум алдындагы 20 оорулуу калды.

Алар бир нерсе болуп кетсе, милициядан жана жалган кылмыш иш ачтырган врачтардан коргуло!", — деп жазылган постто.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен эмчи-домчу Хашым Зайналиевге чара көрүүнү суранып күч органдарына кайрыларын билдиришкен.

Ведомство 2016-жылы эмчи-домчунун дарылоосунан кийин 56 жаштагы аял каза болгонун эскертип, Зайналиевдин медициналык билими жана ишмердүүлүгүнө уруксат берген лицензиясы жок экенин белгилейт. Ошол учурда аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, бирок октябрь айында ал кайра токтотулган.