БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң бай адамдар быйыл 511 миллиард долларынан кол жууганын Bloomberg басылмасы жазып чыкты.
Ага ылайык, акчасынан ажырагандардын сап башында Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос турат. Ал бир жылда 53 миллиард доллардан айрылган. Анын акциялары жыл ичинде 168 миллиард доллар деп бааланса, жыл аягында 115 миллиард долларды гана түзгөн.
Аналитиктердин эсеби боюнча Европадагы миллионерлердин да тапкан акчасы азайган. Атап айтканда, автоунаалардын дөңгөлөгүн чыгарчу Continental AG компаниясынын ээси Шеффлерлердин үй-бүлөсү 17 миллиард доллардан кур калган.
Жыл жыйынтыгы менен акчасын жоготкондордун арасында россиялык ишкерлер да бар. Алардын сап башын алюминий чыгарган "Русал" компаниясынын ээси Олег Дерипаска турат. Ишкер 5,7 миллиард долларынан ажыраган. Андан сырткары, "Новатэк" газ компаниясынын өкүлдөрү — Леонид Михельсон менен Геннадий Тимченко жана "Лукойлдун" ээси Вагит Алекперов 9 миллиард доллар жоготушкан.