Жаңы жылга жакын кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Апта аягы абанын температурасы жогорулай баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы апта ичине болгон аба ырайынын божомолун таратты.

23-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман  каптайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолуна көчкү түштү
24-25-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы болжолдонууда. Жолдорго муз тоңот. 26-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүзү жана 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаай турганы айтылат. Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Апта аягы жума жана ишемби күндөрү жаан-чачын болбойт, абанын температурасы жогорулай баштайт.

Ош шаарында 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. 24-25-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгалак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми борбор калаада 23-25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрди түзөт.