БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аял жана анын эки небереси өлтүрүлүп, өрттөлгөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 21-декабрь күнү Жумгал райондук нөөмөт бөлүмүнө "Көк-Ой айылында өрт чыгып, бир үй-бүлө каза болуптур" деген маалымат түшкөн.
"Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө 47 жаштагы аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жаштагы кыздын зордукталгандыгы аныкталган", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып көрсөтмө берген.
Шектүүнүн айтымында, ал 47 жаштагы аял менен 20-декабрда түнкү саат 11лерге чейин спирт ичимдигин ичкен.
29 жаштагы жаран Жумгал райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.