Баткенге аткезчилик жол менен 23 тонна мандарин алып киргендер кармалды. Сүрөт

Кыргызстандык эки жаран чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандан Кыргызстанга баасы 1,1 миллион сом болгон 23 тонна мандаринди аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

1 / 3
Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандан Кыргызстанга баасы 1,1 миллион сом болгон 23 тонна мандаринди аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
2 / 3
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 21-декабрда Жаңы-Жер айылынан анча алыс эмес жерден эки кыргызстандыкты кармашкан
3 / 3
Алар мамлекеттик чек арадан 15 метр алыстыктагы көзөмөл пункту орнотулбаган жерден өтүүгө аракет кылышкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 21-декабрда Жаңы-Жер айылынан анча алыс эмес жерден эки кыргызстандыкты кармашкан. Алар мамлекеттик чек арадан 15 метр алыстыктагы көзөмөл пункту орнотулбаган жерден өтүүгө аракет кылышкан.

"Автоунааны тинтүү учурунда 1,1 миллион сомдук 23 тонна мандарин табылган. Кармалгандардын жанында товарга тийиштүү документтер болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам бузгандарга айып салынып, тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.