Радио

Мамбеталиева: бир жолу колдончу медициналык бет капты төрт саат тагынуу керек

Оорулардын алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиева курч респиратордук вирустук ооруларга каршы тагына турчу медициналык бет кап оорулууну эмес, тегеректегилерди оорулуудан коргой турган каражат экендигин айтты.
Sputnik
Мамбеталиева: бир жолу колдончу медициналык бет капты төрт саат тагынуу керек

Көп учурда медициналык бет капты тагынып жүргөн адам айланадагылардан коргонуп жаткандай кабыл алынат. Бирок ал тескерисинче, тегеректегилерди сыркоодон сактайт. Бул тууралуу Чынара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы бет каптар мурда чыгарылып жүргөн бет каптардан айырмасы чоң.

"Медициналык же хирургиялык бет капты кийген оорулуу адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө вирустун ар кандай бөлүкчөлөрүн сыртка төмөнкү пайызда чыгарып калат. Ошол себептен айланасындагылардын ооруну жуктуруп алуу коркунучу азаят. Негизи бул каражатты адамдар көп топтолгон жерден кийүү зарыл. Кинотеатрларда, базарларда, коомдук транспортто, дүкөндөрдө. Азыркы бет каптарды колдонуу мөөнөтү 4 саатты түзөт. Андан кийин алмаштыруу зарыл. Мурда чыгарылган бет каптар дакиден жасалчу, аны көп ирет колдонууга мүмкүн болчу", — деди Мамбеталиева.

Ошондой эле ал бир жолку колдонуучу медициналык бет капты таза, салкын абада, адамдар көп топтолбогон жерден дем алуу органдарына күч келтирбеш үчүн чечип коюу оң экенин кошумчалады.