Жалал-Абадда ачууланган дарыгер дене табы көтөрүлгөн наристени карабай койду. Видео

Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында болгону белгилүү болду.
Sputnik

Бүгүн Жалал-Абадда дене табы көтөрүлүп жаткан баласын ФАПка алып барган энени дарыгер кабыл албай койду делген видео тарап, социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Жалал-Абад: ата-энелер тарбиячы балдарды кантип уруп жүргөнүн айтышты
Видеодон жаш баласын көтөргөн эне ак халатчан аял менен жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. Дарыгер болсо "карабайм, каалаган жериңе бар! Мага десе министрликке чейин бар!" деп кагып, кабинетине кирип кеткен. Ошондой эле баланын дене табы 38 градуска көтөрүлүп жатса да жарым сааттан бери кабыл албай койгону айтылат.

Кийинчерээк, окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында болгону белгилүү болду.

Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Замира Орунбаева жаңжалдашкан дарыгер жумуштан алына турганын билдирди.

"Видеону көрүп алып мен да аябай таң калып жатам. Азыр кызматкерлерди чогултуп жыйын өткөрүп жатабыз. Дарыгерди одоно мыйзам бузган деген берене менен жумуштан кетиребиз. Ал иштеген ФАПка башка бирөөнү которобуз. Андан башка аргабыз жок. Бул окуя башкаларга да сабак болсун. Чын эле туура эмес иш жасаптыр", — деди Орунбаева.

Ошондой эле видеодогу дарыгер ФАПка 7 ай мурда жумушка орношконун, учурда үч дарыгердин ордуна жалгыз иштеп жатканын кошумчалады. Буга медиктердин жетишсиздиги себеп.