Пресс-борбор

Ыкчам маалымат менен кантип иштөө керек? SputnikPro долбоору

Мастер-класс SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 21-декабрь күнү саат 14.00дө өтөт.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Азамат Аралбаев студенттерге ыкчам маалымат, пресс-релиз жана расмий документтер менен кантип иштөөнүн жол-жобосун айтып берет. Ошондой эле көп эл чогулган жерде (салтанаттар, митингдер) журналист өзүн кантип алып жүрүшү керектиги боюнча ой бөлүшөт.

Мастер-класска катышуу акысыз, орундар чектелүү. Катталуу үчүн телефон: (312) 98-60-27, 98-69-47.