БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. АКШ тургуну Ричард Жонс өң-түсү окшош башка киши жасаган кылмыш үчүн жазаланып, 17 жылын абакта өткөргөнүн CNN жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эми ал 1,1 миллион доллар өлчөмүндө компенсация алат.
Жонс окуя болгон күнү сүйүктүүсүнүн туулган күнүн белгилеп жүргөн. Аны бир нече киши көргөн. Бирок буга карабастан күбөлөр каракчыны Жонс деп таанып беришкен.
"Натыйжада эркек киши 19 жылга кесилип кеткен. Апелляциялык арыз менен кайрылып, бирок утулуп калган да айласыздан укук коргоочуларга кайрылган. Алар чыныгы кылмышкер — Рики Ли Амосту таап беришкен", — деп айтылат макалада.
Жонсту каракчы деп тааныган күбөлөргө Амостун да сүрөтү көрсөтүлгөн. Алар кылмышкерге Амос көбүрөөк окшош экенин моюндашкан. Бирок убакыт өтүп кеткендиктен аны жоопко тартуу мүмкүн болгон эмес.
Компенсациядан тышкары, Жонс анын күнөөсү жоктугун тастыктаган сертификатка ээ болот. Анын полицияда сакталган ишинин материалдары жана биологиялык маалыматтары жок кылынганы айтылды.