Радио

Эсенгулов: сууга жана электр энергиясына баа көтөрүлбөйт

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов 2019-жылдан баштап сууга, электр энергиясына болгон баалардын кымбатташы тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирди.
Sputnik
Эсенгулов: сууга жана электр энергиясына баа көтөрүлбөйт

Жакын арада суу, электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүүсү күтүлбөйт. Кыргыз өкмөтү тарап жаткан мындай жалган маалыматтарга элди ишенбөөгө чакырат. Бул тууралуу Чыңгыз Эсенгулов Sputnik Кыргызстан агенттигининин кабарчысына маалымдады.

Анын айтымында, 2019-жылдан тарта пенсияга чыгуу жаш курагынын жогорулашы тууралуу айтылып жаткан сөздөр да туура эмес.

"2019-жылдан баштап пенсиялык жаш курактын жогорулашы жана сууга, электр энергияга болгон баанын көтөрүлүшү тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Өкмөт эч кандай мындай аракеттерди демилгелеп жаткан жок",— деди Эсенгулов.

Ал жалган маалыматты тараткандар кылмыш жазасына тартылуусу мүмкүндүгүн эскертип, жарандарды такталбаган кабарды жайылтпоого чакырды.