Суу, канализация, электроэнергия, инженердик тутумдар тууралуу маалымат алуу оңой эмес. Аны инвесторлор сатып алууга аргасыз. Бул тууралуу Адисбек Шекенов "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай башаламандык улана берсе, инвесторлор курулуш тармагына акча салуудан баш тартышат.
"Биз мамлекеттик органдарга маселени эле көрсөтпөстөн чечүү жолдорун дагы сунуштайбыз. Бирок мамлекет ал көйгөйлөрдү чечпейт. Мисалы, инвестор курулуш жүргүзүүгө уруксат кагаздарын алуудан кыйналат. Андан кийин электр энергиясы, суу, канализация, инженердик тутумдарга кошулуу керек. Ал тууралуу эч бир тарап маалымат бербейт. Инвестор андай маалыматтарды айласыздан сатып алууга аргасыз. Алыс барбайлы, Казакстанда абал бизден жакшы. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет өзү курулуш компанияларга жерин берип, ал жердеги инфраструктуралык артыкчылыктар тууралуу маалыматты ачыктап, турак жайыңды сал деп инвестордун артынан чуркайт. Ал эми бизде бардыгын курулуш компаниясы өзү аткарышы керек. Бул жагдайлардан улам инвестордун деле келиши оңой эмес", — деди Шекенов.
Ошондой эле ал мыйзам боюнча курулушка уруксат берүү мөөнөтү 40 күн экендигин айтып, бирок ал факт жүзүндө көп учурда аткарылбай тургандыгын кошумчалады.