БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жол кырсыктан жабыркаган үч кишинин абалы учурда канааттандырарлык экенин Ысык-Ата районундагы аймактык оорукананын директорунун орун басары Алсира Момуналиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, 16-декабрда саат 16:30дар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 50-чакырымында Toyota менен Volkswagen кагышып, экинчиси күйүп кеткен. Эки автокөлүктүн айдоочулары жана Volkswagen машинасындагы үч жүргүнчү дароо каза болгон. Toyota автоунаасындагы үч киши аймактык ооруканага жеткирилген. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар боюнча маалымат тараткан.
Момуналиеванын айтымында, жабыркагандардын дагы бири Улуттук госпиталга которулду. Аймактык ооруканада 22 жаштагы бала калды, анын абалы канааттандырарлык.