Радио

Кушалиева: Ысык-Көл облусундагы эң мыкты китепкана биздики

Түп районунун Ак-Булак айылдык китепканасынын жетекчиси Гүлмира Кушалиева 2014-жылы мекемеге согуш мезгилиндеги курчоодогу Ленинграддан жер которуп келген 150 баланы камкордукка алып, өмүрү легендага айланган Токтогон Алтыбасарованын ысымы берилгендигин айтты.
Sputnik
Кушалиева: Ысык-Көл облусундагы эң мыкты китепкана биздики

Бул демилгени айыл тургундары бир добуш менен колдоп, учурда аталган китепкана бир гана район эмес, Ысык-Көл облусу боюнча мыкты китепканалардын катарында. Бул тууралуу Гүлмира Кушалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китепканага келип, убактыларын пайдалуу иш менен өткөргөн айылдаштарынын саны арбын.

"Китепканабыз союз убагында эле ачылган. 2014-жылы ага Токтогон Алтыбасарованын ысымы берилди. Облус боюнча мыкты мекеменин катарында. 2015-жылы Түп району боюнча айылдык эң мыкты китепкана деген наамга татыдык. Жогорку технологиялык заманда деле китепканага келип, китепке кызыккан адамдар жок эмес. Себеби китеп деген маалыматтын эң баштапкы булагы, эч бир окуя, маалымат кыскартылып же такталбай туруп берилбейт. Күн сайын 8-9 айыл тургуну мекеме жайыбызга келип турат. Өзүмдүн окурмандарым дагы бар. Китепканада буга чейин материалдардын 70 пайызы орус тилинде болчу, бирок акыркы убактарда кыргыз тилдүү материалдар көп келе баштады", — деди Кушалиева.

Ошондой эле ал китепканага айыл өкмөтү, облус жетекчилиги жана жеке демөөрчүлөрдөн китеп түрүндө жардам көрсөтүлүп турарын кошумчалады.