Бишкекте жаңы жылдык жарманке ачылды

Ал жактан Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген кол өнөрчүлөр эмгектерин сатып алууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жарманке 23-декабрга чейин уланат. Ал жактан Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин сатып алууга болот.

1 / 3
Борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке ачылды
2 / 3
Жарманке 23-декабрга чейин уланат.
3 / 3
Ал жактан Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин сатып алууга болот.

"Досторго жана туугандарга өзгөчө белектерди тапсаңыз болот. Кийизден, жибектен жасалган түрдүү буюмдар бар. Ошондой эле азем буюмдар, чоподон жасалган оюнчуктар бар", — деп айтылат маалыматта.

Бул маданий иш-чара Бишкек мэриясы менен Борбор Азиядагы көл өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.