Бишкекте автоунаа күйүп кетти. Видео

Кырсык өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкекте Фрунзе менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде автоунаа күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Окуя 20-декабрь күнү болжол менен кечки 7лерде болгон. Маалыматта Fiat Tipo үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткени айтылат.

Кырсык өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбагандыктан келип чыккан.