Айдоочулук күбөлүктү эми "Унаа" мекемеси берет

Ал боюнча өкмөттүн тийиштүү чечими кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо иштерине элдин нааразычылыгы көп экенин айтты.

"Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жана Унаа каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо департаменти жоюлат. Анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды", — деди Абылгазиев.

Премьер "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишмердигин толук автоматташтыруу керектигин жана бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши зарыл экенин белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой жаңы түзүлгөн мекемеге кызматкерлерди кабыл алуу ачык сынактык негизде өткөрүлөрүнө токтолду.