Жээнбеков жана чекисттер. Сүрөт

Мекендин көрүнбөс чегинде тургандар менен мамлекет башчы жолугуп, кесиптик майрамы менен куттуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бардык жасаган кылмыш иши үчүн эртеби-кечпи, ким болбосун, жоопкерчиликке тартылат. Алардын даражасына, чинине жана коомдогу ордуна эч ким карабайт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамында сүйлөп жатып айтты.

Эске салсак, бүгүн, 20-декабрь — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

1 / 9
Бардык жасаган кылмыш иши үчүн эртеби-кечпи, ким болбосун, жоопкерчиликке тартылат. Алардын даражасына, чинине жана коомдогу ордуна эч ким карабайт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамында сүйлөп жатып айтты.
2 / 9
Эске салсак, бүгүн, 20-декабрь — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамы.
3 / 9
Жээнбеков мекен сакчылыгында туруп, каармандык менен курман болгон коопсуздук органдарынын кызматкерлерин эскерип, алардын элесине таазим этип, үй-бүлөсүнө аманчылык тиледи.
4 / 9
Ошол эле мезгилде учурда дүйнөдө терроризм жана экстремизм коркунучтары курч болуп турганын эске салып, коопсуздук органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптар катуу экенин белгиледи.
5 / 9
Президент аталган кызматтын ишинин маанилүү багыттарынын бири — коррупция менен күрөшүү экендигин айтты.
6 / 9
Быйыл кызматкерлер ири коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, эл арасында талкуу жараткан кылмыштардын бетин ачканын кошумчалады.
7 / 9
Президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасап, өз кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө чара көрүү зарылдыгын айткан.
8 / 9
Президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасап, өз кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө чара көрүү зарылдыгын айткан.
9 / 9
Президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасап, өз кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө чара көрүү зарылдыгын айткан.

Жээнбеков мекен сакчылыгында туруп, каармандык менен курман болгон коопсуздук органдарынын кызматкерлерин эскерип, алардын элесине таазим этип, үй-бүлөсүнө аманчылык тиледи.

"Кызматкерлер өз милдеттерин ак ниеттик менен аткарып, Мекендин көрүнбөс чегинде тургандары үчүн тереӊ ыраазычылык айтам. Элдин сакчылыгында турган жумуштарын мындан ары да натыйжалуу аткара тургандарына терең ишенем", — деди мамлекет башчы куттуктоо сөзүндө.

Ошол эле мезгилде учурда дүйнөдө терроризм жана экстремизм коркунучтары курч болуп турганын эске салып, коопсуздук органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптар катуу экенин белгиледи.

Жээнбеков: чөнтөгүн кампайтууну каалаган мамлекеттик кызматкерлерди уяткаруу керек
"Мындай оор шартта коопсуздук кызматтарына эселеген милдеттер, жүк артылып турат. Коркунучтарга бөгөт коюу, убагында каршы иш-аракеттерди жасоо зарыл. Биринчи кезекте күч колдонуудан мурда түшүндүрүү иштерине, туура маалымат берүүгө басым жасоого тийишпиз", — деди Жээнбеков.

Президент аталган кызматтын ишинин маанилүү багыттарынын бири — коррупция менен күрөшүү экендигин айтты. Быйыл кызматкерлер ири коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, эл арасында талкуу жараткан кылмыштардын бетин ачканын кошумчалады.

"Бардык жасаган кылмыш иши үчүн эртеби-кечпи, ким болбосун, жоопкерчиликке тартылат. Алардын даражасына, чинине жана коомдогу ордуна эч ким карабайт. Коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын дагы бир ирет эскертем", — деди президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасап, өз кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө чара көрүү зарылдыгын айткан