Улуттук банк жакшыртылган 20 жана 5000 сомдук чыгарды. Сүрөт

Аталган мекеме IV сериядагы банкнотторду жакшыртуу планы аяктаганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Улуттук банк жакшыртылган 20 жана 5000 сомдук банкнотторду чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Выпуск модифицированной банкноты номиналом 20 и 5 000 сомов

Бул акчалар жүгүртүүгө 20-декабрда чыккан. Алар 2016-жылкы үлгү менен жасалган.

Улуттук банк бул акчаны чыгаруу менен IV сериядагы банкнотторду жакшыртуу планы аяктаганын кошумчалады. 

Выпуск модифицированной банкноты номиналом 20 и 5 000 сомов

Банкноттор:

— Классикалык ыкма менен жасалган так, даана көрсөтүлгөн сүрөт;

— Mask элементи. Жарык тийген жерден "сом" деген сөз пайда болот (5000 сомдук банкнотто гана).

Улуттук валютанын IV сериясындагы жакшыртылган банкноттор буга чейин жүгүртүүгө берилген 1, 10 жана 50 тыйын ошондой эле 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом акчасы менен кошо эле иштеп баштайт.