"Тазалык" борбор калаанын көчөлөрүн кар-муздан арылтып жатат. Сүрөт

Ишкананын 740 кызматкери таңкы саат 06.00дөн тарта тазалоо иштерин аткарып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. "Тазалык" ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

1 / 4
"Тазалык" ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап жатат
2 / 4
Маалыматта жолдорду тазалоого 33 атайын техника тартылганы белгиленген
3 / 4
Алардын 21и кар тазалоочу унаа, экөө кум себүүчү машина, бирөө таштанды жүктөгүч, төрт универсалдуу машина жана беш трактор
4 / 4
Жолду тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.

Маалыматта жолдорду тазалоого 33 атайын техника тартылганы белгиленген. Алардын 21и кар тазалоочу унаа, экөө кум себүүчү машина, бирөө таштанды жүктөгүч, төрт универсалдуу машина жана беш трактор. Жолду тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.

19-20-декабрь аралыгында жалпы жонунан 382 тонна кум жана 52 тонна техникалык туз себилген. Ишкананын 740 кызматкери таңкы саат 06.00дөн тарта иштеп жатат.

Мэриянын маалымат кызматы эгер тазаланбаган же кум чачылбаган жолдор болсо, WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге кайрылса болорун эскертет.

  • Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 99-79-27;
  • Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
  • Мавлян Аскарбеков (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;
  • Рустам Касымбеков (Свердлов району) — 0703 611 806.

Андан сырткары, күнү-түнү иштеген 185 жана 1840 номерлери аркылуу байланышса болот.