Жыл аягына чейин Баялинов жана Орозбеков кѳчѳлѳрүндѳ жол чырак иштей баштайт

Буга чейин аталган көчөлөрдүн кесилишине жол чырак орнотуу үчүн тендер жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жыл аягына чейин борбор калаадагы Баялинов жана Орозбеков кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги жол чырак иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтында жарыяланган.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин аталган жерлерге жол чырак орнотуу үчүн тендер жарыяланган.

"Тендерде Vokko компаниясы утуп чыгып, келишим түзүлдү. Объектини куруу иштери 20-декабрда башталат. Жол чыракты орнотуу декабрдын аягына чейин бүтүп, ишке кириши күтүлүүдө. Ага шаардык казынадан 500 миң сом каражат коротулат", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, аталган жолдун 3,5 чакырымы Кытай өлкөсү тарабынан берилген гранттык каражатка оңдолгон.