Жаш баласыз, чоңоюңуз! Сулайманов менен Жумабековдун жаакташа кеткен видеосу

Сулайманов Жумабековдун регламентти бузуп жатканын айтып, эгер ушундай болуп кете берсе, төрага менен анын эки орун басарын ротациялоо маселесин кароо керектигин айтты.
Sputnik

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Асел Кодуранованы вице-спикерликтен алуу боюнча маселе каралып жатканда депутат Алтынбек Сулайманов менен төрага Дастан Жумабеков кыйкырышып, айтыша кетти.

Сулайманов Жумабековдун регламентти бузуп жатканын айтып, эгер ушундай болуп кете берсе, төрага менен анын эки орун басарын ротациялоо маселесин кароо керектигин айтты.

"Эгер ушундай кыла берсеңиз, үчөөңөрдү тең азыр ротация кылышыбыз керек. Үчөөңдүн тең маселеңди коюш керек, үчөөң тең түшкүлө. Баарыңарды алмаштыралы", — деди Сулайманов.

Өз кезегинде Дастан Жумабеков депутаттын "түшкүлө деп айтканга укугу жок" экенин айтты.

"Анда мыйзам менен айтыңыз, мыйзам менен келиңиз. Түшкүлө дегидей бул жер сиздин ордуңузбу?" — деди төрага.

Президенттер, элдешкиле! Депутаттын Атамбаев менен Жээнбековго кайрылган видеосу
Эл өкүлү Сулайманов Дастан Жумабеков аны менен айтышууга али чоңоё электигин, кыйкырып сүйлөгөн деңгээлге жете электигин кошумчалады.

"Дастан Артисбекович, кыйкырбаңыз. Мага кыйкырганга али чоңоё элексиз, жаш баласыз, кечирип коюңуз. Сиздин үнүңүз мага жетпейт. Ылдыйда жүрөсүз. Мага кыйкыра албайсыз. Башка жакка барып кыйкырыңыз. Түшүндүңүзбү?" — деди Сулайманов.

Жумабеков: "Антип түшүндүрбөй эле коюңуз, сиздин түшүндүрмөңүздүн мага кереги жок",- деп жооп кайтарды.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев депутаттарды сабырдуулукка чакырып, бири-бирин сыйлоо керектигин айтты.