Sputnik агенттигинин шеф-редактору Путиндин маалымат жыйынына катышууда

Россиянын президенти менен болгон жолугушууга жалпы жонунан 1390 журналист аккредитациядан өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков РФ президенти Владимир Путиндин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынына катышууда.

Шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков участвует в ежегодной пресс-конференции президента России Владимира Путина

Россиянын президенти менен болгон жолугушууга жалпы жонунан 1390 журналист аккредитациядан өткөн.

Маалымат жыйынды Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинен түз эфирде көрө аласыздар.

Владимир Путин президент катары алгачкы маалымат жыйынын 2001-жылы өткөргөн. Ал 2008-жылы журналисттердин 106 суроосуна 4 саат 40 мүнөт жооп берип рекорддук көрсөткүчкө жеткен.