БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкектеги Кытайдын элчилигинин алдына 50дөй киши митингге чыкты. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.
Чогулгандар Кыргызстанда жүргөн кытайлардын жарандыгы текшерилсин жана жарандык берилбесин деген талаптарды коюшууда.
Коомдук тартипке милиция кызматкерлери көз салып турат.
Митингди жарандык активисттер жана коомдук бирикмелер уюштурганы айтылды.