БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Баасы 11,2 миллион сомду түзгөн автолаборатория бүгүн, 20-декабрда, тапшырылды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Чечейбаевдин айтымында, лаборатория инфекциялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда эпидемияга каршы атайын топтун түзүмүндө колдонулат. Ошондой эле чума жана башка коркунучтуу илдеттердин очогунда иштемекчи.
Аталган техника 40тан ашуун инфекцияны аныктай алат.
"2016-жылдан бери Кыргызстанга ушундай үч лаборатория келген. Алардын бирин инфекциялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарында Кырчында колдондук. Алар Караколдо, Бишкекте жана Ошто иштейт", — деди Чечейбаев.
Автолабораторияда иштөөнү Кыргызстандын адистерине "Микроб" институтунун жана автолаборатория чыгарган "Автоспектр-НН" ишканасынын эксперт-адистери үйрөтөт.
Техниканы тапшыруу аземине саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышты.