Кочкордо жол кырсыгы болуп, эки адам каза тапты

Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кочкор районунда кечээ, 19-декабрда, Audi-100 унаасы менен КамАЗ кагышып, жеңил автокөлүктөгү эки адам каза тапкан. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Ноокатта Matiz жүк ташуучу унаага урунуп, ичиндеги ата-бала каза тапты
Кырсыктан бир жолоочу жабыркаган.

Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында болжол менен саат 19:42лер чамасында болгон.

Ал жерге барган куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын сөөгүн чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жарадар болгон киши райондук ооруканага жеткирилген.

18-декабрда дагы Ноокатта Matiz жүк ташуучу унаага урунуп, ичиндеги ата-бала каза тапкан.