Бишкекте түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат

2019-жылдын январь айынан тарта мыйзам бузуулар жөнүндө Кодекс ишке кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik Бишкек мэриясы келерки жылдан тарта көчөлөргө жана коомдук жайларга түкүргөн адамдарга айып салынарын эскертти. 

Бишкекте шаардыктарды тез ташыган метробустар ишке кирет
Муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 20-декабрда, “Таза аба үчүн” аттуу акция болуп өттү. 

Катышуучулар 1-январдан тарта мыйзам бузуулар жөнүндө Кодекс ишке кирерин маалымдаган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Ага ылайык, коомдук жайга түкүргөн киши 5,5 миң сом, юридикалык жактар 17 миң сом төлөйт. 

Ал эми жалбырак менен таштандыны өрттөгөндөргө салынган айып 2 миң сомдон 7,5 миң сомго, жеке жактарга 10 миң сомдон 23 миң сомго өскөн.