Радио

Догоев: жарандар ачык маалыматка ээ болуш керек

Президенттин санариптүү трансформация маселелери боюнча кеңешчиси Дастан Догоев "Ачык маалымат" долбоору 12 пилоттук негизде мамлекеттик мекемелер менен иш алып барып жатканын айтты.
Sputnik
Догоев: жарандар ачык маалыматка ээ болуш керек

Тиешелүү мамлекеттик органдардагы маалыматтарды ачып, аны колдонууга шарт түзүп берүү керек. Бул тууралуу Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран ачык маалымат менен камсыз болууга тийиш.

"Ачык маалымат долбоорунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардагы маалыматтар ачылып, аны ар бир каалоочу пайдалана алат. Студент болобу, журналист болобу, изилдөөчү болобу, кайсы мамлекеттик органдын кандай маалыматы керек болсо колдоно алуусуна шарт түзүлмөкчү. Алардын бул маалыматтар менен иштеп, анализ жүргүзүп, изилдөө жасашы ачык маалымат болуп саналат", — деди Догоев.

Ошондой эле ал тиешелүү мыйзамдар менен корголгон маалыматтар ачылбай турганын кошумчалады.