Ногойбаевдин Транспорт жана жолдор министрлигинин сайтына жарыяланган өмүр баянында жазылгандай, 2013-2017-жылдары "Бишкек автовокзалы" ишканасын жетектеген. 2017-жылы ал ишкана "Кыргыз автобекети" болуп негизделет да кайра эле Ногойбаев директор болгону көрсөтүлгөн.
Бирок иш жүзүндө андай эмес, тагыраагы, Жеңишбек Ногойбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында бир-эки жолу сөгүш алып, одоно кемчиликтери үчүн 2015-жылдын июль айында эле иштен алынган. Анын ордуна Ырысбек Бариев келип 2017-жылдын август айына чейин автобекетти башкарган. Мындан улам Ногойбаев өмүр баянына иштебеген жылдарын да "иштедим" деп көрсөтүп койгонбу деген суроо жаралат.
Буга жооп алуу үчүн аткаминердин иш бөлмөсүнө бардык. Ал башында сайтка жарыяланган өмүр баянындагы жазылгандардын бардыгы туура экенин белгиледи. Андан соң биздеги маалыматтарды укканда төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Ортосунда үзгүлтүктөр болгон да. Бирок 2015-жылы да, 2017-жылы да автобекетте иштегем. Жылдык мөөнөттөрүн жаздым, бирок айларын жазган эмесмин. Макул, мындан ары эми сиздин сунушуңуз менен ортодо канча убакыт иштебегенимди көрсөтүп жүрөйүн. Мен жөн эле… өмүр баянды кыска жазыш керек да. Биринчиден кагаз кетет, убакыт кетет…" — деп түшүндүрмө берди Ногойбаев.
"Коллегиянын чечими, ошондогу берилген сөгүштөр менен макул эмесмин. Бирок саясий кызматта болгондон кийин мыйзамсыз жумуштан алындым деп сотко бергенге да акым жок. Андан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратынын сырткы байланыштар бөлүмүндө иштедим", — деди аткаминер.
Ал эми ошол кездеги транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев Ногойбаевди автобекетти иштете албай койгондуктан жумуштан бошотконун айтат.
"Автобекеттин кебетесин көргөнсүңөр да. Сырттан келгендерди ортомчулар колдон жетелеп, унаалар башаламан токтогондо МАИ кызматкерлери көзөмөл жагынан жардам бере баштаган. Бирок ошондо да иштете албай койду. Вокзалдын экинчи кабатын кичи футбол аянтча кылып коюптур. Арак саткан дүкөндөрдү толтуруп салган. Тегерегин эч эле иретке келтире албай койду. Арыздар аябай көп түшүп турган. Ошонун айынан иштен алып, анын ордуна Ырысбек Бариев деген жигитти койгом. Ногойбаев кадр бөлүмү менен сүйлөшүп өмүр баянын өзгөртүп алган окшойт", — деди Малабаев.
Ногойбаев кеткенден кийин автобекетти эки жыл жетектеген Ырысбек Бариев менен да байланыштык. Ал күтүүсүз жерден эле башка кызматка которулганын айтты.
Бариев 2013-жылы Ногойбаев келгенге чейин да бир жыл автобекетти башкарган. Ошондо экөө тең эки жолу директор болгон. Учурда "Кыргыз автобекетин" Максат Жумабаев жетектөөдө.
Белгилей кетсек, мурдагы министр Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен. Ага анын орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышы себеп болгон. УКМКнын маалыматы боюнча аткаминер ага чейин 120 миң долларын алып, кийинчерээк дагы 350 миң доллар алмакчы болгон.
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп алып зекип, премьер-министрге аны кызматтан кетирүүнү тапшырган.