Сооронбай Жээнбеков туугандары эмне иш кыларын айтып берди. Видео

Президент Сооронбай Жээнбеков анын туугандары тууралуу ар кандай тарап жаткан имиштерге чекит коюу керектигин белгилеп, азыр ачык айтпаса беш жыл бою бул сөздөр аны коштоп жүрөрүн билдирди.
Sputnik

Өлкө башчысы 19-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын берди.

Жээнбеков өз сөзүндө 11 бир тууган экенин, анын 8и азыр бар экенин айтты.

Кудайдан коркконум көп нерседен сактайт. Жээнбеков дин тууралуу
Эң улуу агасы Кантөрө илимдин доктору, Жалал-Абадда биринчи жолу коммерциялык окуу жай ачып, ал жакта 24 жыл ректор болгонун айтты. Эки жыл мурда анын көзү өтүп кеткен.

Андан кийинки эжеси математик-физик, учурда пенсияга чыгып айылда. Андан кийинки эжеси Бишкектеги бейтапканалардын биринде медайым болуп эмгектенет.

Агасы Жусупбек Шарипович 2007-жылдан бери сыртта элчи болуп жүрөт. Андан кийинки агасы прокурор болгон, бирок 35 жашында көзү өтүп кеткен. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков өзү.

Бир карындашы дипломаттын келинчеги болгондуктан чет жакта жашайт. Асылбек Шарипович катардагы депутат. Дагы бир карындашы үйдө жеке иши менен алектенет. Эң кичүү иниси атасынын чарбасын карап айылда.

Сооронбай Жээнбековун жалпы жонунан 4 агасы, эки иниси, эки эжеси жана эки карындашы бар.