Сооронбай Жээнбеков: Матраимовдор КСДПга жан дили менен иштеп берген. Видео

Сооронбай Жээнбеков Матраимовдор сегиз жыл бою КСДПга жан дили менен кызмат кылганын, анан ал президент болуп келгенден кийин мурда жактап жүргөндөр кайра жамандап калганын айтып, бул аракет логикага туура келбей турганына токтолду.
Sputnik

Өлкө башчысы 19-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын берди

"Мен президент болуп 24-ноябрда келдим. Сегиз жыл ал тууралуу сөз болбой, болсо деле көңүл бурулбай, Раим Матраимов жөн эле иштеп келбедиби. Мен ишке киргенде эле аны коррупционер, Жээнбековдун жакыны деп чыгара калышты. Ал азыр мамлекеттик бийликте жок да. Кайда иштеп жатат? Мен келгенге чейин иштеген, мен кызматка келерде алып коюшту. Азыр соттошуп жатышат, өткөндө утуп алыптыр. Аны Жээнбеков жардам берди деп менден көрүштү", — деди президент.

Жээнбеков: Матраимовдун мал-мүлкү текшерилет
Жээнбеков ошондой эле кандай жергиликтүү шайлоо болбосун, президенттик, парламенттик шайлоо болбосун бир эле Раим Матраимов эмес, Матраимовдордун үй-бүлөсү КСДПга чын дили менен иштеп бергенин айтты.

"Алар 2011-жылдагы президенттик шайлоодо, жергиликтүү шайлоолордо, 2015-жылкы Жогорку Кеңештин шайлоосунда катуу иштеп берди. Сегиз жыл жакшы болуп, анан мен кызматка келгенде эле аларга жаман болуп калабы?" — деп суроо салды өлкө башчысы.

Ал, андан сырткары, ушундай нерселер логикага туура келеби деп бир ойлонуп көрүү керектигине токтолду.