Радио

Жусупов: шаар тургундарын 140 троллейбус тейлейт

Бишкек шаардык мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов борбор калаага кошумча дагы 50 троллейбус алып келүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Sputnik
Жусупов: шаар тургундарын 140 троллейбус тейлейт

Алдыда алына турган коомдук транспорт жаңы үлгүдөгү "гибрид" унаалар. Алар электр чубалгысыз кошумча 25 чакырымга чейин өз алдынча жүрө алат. Бул тууралуу Кубанычбек Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, план боюнча мындай троллейбустарды Махатма Ганди көчөсү жана Ак Өргө, Ак Ордо жаңы конуштарына тартуу мерчеми бар.

"Азыр Бишкектин көчөлөрүнө 140 троллейбус линияга чыгып жатат. Союз убагында эң көп дегенде 180 транспорт чыкчу. Алдыда шаар ичине дагы 50 троллейбус алуу боюнча донорлорду издеп жатабыз. Жаңы үлгүдөгү "гибрид" транспорттордун келишин күтүүдөбүз. Ал электр чубалгысыз кошумча 20-25 чакырым өз алдынча жүрө алат. Бул автобустарды шаар ичине эле эмес, Ак Өргө, Ак Ордо конуштарына да киргизүү каралууда", — деди Жусупов.

Ошондой эле ал учурда күн сайын борбор калаанын тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылууда шаар көчөлөрүнө 2200 кичиавтобус чыгып жаткандыгын кошумчалады.