Ноокатта Matiz жүк ташуучу унаага урунуп, ичиндеги ата-бала каза тапты

Жол кырсыгы Ош — Исфана унаа жолунун 24-чакырымында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ноокатта Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа жолдо токтоп турган жүк ташуучу унаага урунду. Бул тууралуу Ош ЖККБдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык Ош — Исфана унаа жолунун 24-чакырымында, Өсөр айылынын аймагында 18-декабрь күнү саат 23.00дөр чамасында болгон.

1 / 4
Ноокатта Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа жолдо токтоп турган жүк ташуучу унаага урунду
2 / 4
Маалыматка караганда, жол кырсык Ош — Исфана унаа жолунун 24-чакырымында, Осор айылынын аймагында 18-декабрь күнү саат 23.00дөр чамасында болгон.
3 / 4
Daewoo Matiz батышты көздөй баратып жолдо бузулуп турган жүк ташуучу унаага урунган.
4 / 4
Машинада 86 жаштагы карыя жана анын 57 жаштагы уулу болгон

"Daewoo Matiz батышты көздөй баратып жолдо бузулуп турган жүк ташуучу унаага урунган. Машинада 86 жаштагы карыя жана анын 57 жаштагы уулу болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыктын кесепетинен карыя ошол жерде мерт болсо, уулу ооруканадан көз жумган. Топтолгон материалдар Ноокат райондук тергөө бөлүмүнө жөнөтүлүп, экспертизалар дайындалды.