Радио

Шейшеканов: менчиктештирүү туура жүргөндө жаштар талаалап кетмек эмес

Тарыхчы жана агартуучу Турдубек Шейшеканов Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки менчиктештирүү процессинде көп ката кетиргенин айтты.
Sputnik
Шейшеканов: менчиктештирүү туура жүргөндө жаштар талаалап кетмек эмес

Ошол кезде менчиктештирүү туура жана калыстык менен жүргүзүлгөндө кыргыз жаштары азыр талаалап чет жакка кетпейт эле. Мындай пикирин Турдубек Шейшеканов Sputnik Кыргызстан радиосунун  "Тарых барактары" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ири ишканалар иштесе, жаштар өз өлкөсүндө жумуш менен камсыз болмок.

"Советтер союзу кулагандан кийин менчиктештирүү саясаты абдан туура эмес жүргөн. Эми бул нерсе кайра реформаланып, бир жолго салынмайынча кыргыз эли кыйналып жашайт. Миллиондогон мигрант баласын багам деп ар кандай шартта чет өлкөдө иштеп жүрөт. Менчиктештирүүнүн туура эмес жүрүшү жаштарыбызга залакасын тийгизүүдө. Өз учурунда ишканалар аны иштетип кете алган адамдардын колуна тийгенде баары башкача болмок", — деди Шейшеканов.

Ал мамлекет менчиктештирүү боюнча реформага өзгөчө көңүл буруп, олуттуу кадамдарды жасашы керектигин кошумчалады.