Радио

Саккараева: ачык маалыматтарды акысыз колдонууга шарт түзүлөт

"Ачык маалымат планынын өнүгүшү" долбоорунун менеджери Элина Саккараева аталган долбоор 18 айлык экенин айтты.
Sputnik
Саккараева: ачык маалыматтарды акысыз колдонууга шарт түзүлөт

Эми ачык маалыматтарды акысыз колдонууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу Элина Саккараева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Ачык маалымат планынын өнүгүшү" долбоорунун алкагында мамлекеттик портал куруу максаты каралган.

"Жогоруда аты аталган долбоор Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдында ишке ашууда. Долбоор 18 айда ишке ашат. Анын алкагында 12 пилоттук негизде мамлекеттик мекемелер менен иштеп жатабыз. Мында мамлекеттик портал ачуу жана анда жайгашкан маалыматтарды эл акысыз колдонууга шарт түзүү каралган. Ушул тапта ачык маалыматтарды колдонууну элге үйрөтүү багытында атайын жолугушуулар уюштурулууда. Калкты ачык маалымат менен иштөөгө үйрөтүш керек", — деди Саккараева.

Ал аталган долбоор ишке ашкандан кийин ар бир каалоочу өзүнө керектүү маалыматты мамлекеттик порталдан таап алса болорун кошумчалады.