Пресс-борбор

Эне ымыркайын 3 айдан ашуун убакытка таштай албайт. КРдеги жаңы мыйзам

Жоопкерчиликсиз ата-энелерге жазаны күчөтүү үчүн Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эгер жаңы мыйзам күчүнө кирсе, ата-эне үч жашка чейинки баласын үч айдан ашык убакытка таштап кете албай калат. Бул тууралуу "Центр права "коомдук фондусунун директору Гүлнара Шейшекеева билдирди.

Бүгүн, 18-декабрда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Мигранттардын балдарын кантип коргоо керек?" деген темада тегерек стол өттү.

Шейшекееванын айтымында, жаңы мыйзамга ылайык, чет жакка иштегени кетип жаткан ата-эне ишеним кат жазып бериши керек. Документ анык бир мөөнөткө чейин жарамдуу болот.

"Үч жашка чейин ымыркай үчүн ишеним каттын мөөнөтү үч айды түзмөкчү. Эгер балдар чоңураак болсо, анда жарым жылга чейин узарат", — деди ал.

Планга ылайык, ишеним каттын мөөнөтүн алыста туруп эле узартса болот. Бирок эгер ата-эне барган өлкөсүндө көпкө чейин кала турган болуп, балдарын алып кете албаса, башка бүлөгө камкордукка өткөрүп бериши зарыл.