Транспорт министрлигин убактылуу орун басары жетектемей болду

Мурдагы министр Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо
Ногойбаев ушул жылдын февраль айында орун басар болуп дайындалган. Ага чейин ал "Кыргыз автобекет" ишканасын жетектеген.

Белгилей кетсек, мурдагы министр Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен. Ага анын орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышы себеп болгон. УКМКнын маалыматы боюнча аткаминер ага чейин 120 миң долларын алып, кийинчерээк дагы 350 миң доллар алмакчы болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп алып зекип, премьер-министрге аны кызматтан кетирүүнү тапшырган.