Булут байырлаган аймактагы алтын кен. "Жер-Үйдөн" тартылган алгачкы сүрөттөр

Sputnik

Аксыдагы талашка түшкөн "Ак-Моло" кени. Эки компаниянын чырын ким чечет
Деңиз деңгээлинен 3000-3800 метр бийиктиктеги ак кар баскан тоого учурда техниканын түрү барып, жумушчулар эмгектенүүдө. Ал кенди иштетүүгө "Восток-геолдобыча" ("Русская платина" мамлекеттик концерни) компаниясы 2015-жылы лицензия алган. Азыр ал жакта алтын иштетүүчү фабрика, жылуулук берүүчү имарат, күйүүчү-майлоочу заттарды жана калдыктарды сактоочу жайлар курулууда.

Көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кийинки орунда турган ири кенде алтын казуу иштерин 2019-жылы баштоо пландалууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Жер-Үйдө" 2,68 миллиондой унций алтын бар. Кенде бир тонна рудадан 26 граммга чейин алтын алууга мүмкүн болот. Долбоор ийгиликтүү өндүрүшкө кирсе, миңдеген жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.

Аталган кендин айланасында жаралган маселелердин күнгөй-тескейи менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар

1 / 11
Талас облусундагы "Жер-Үй" кени деңиз деңгээлинен 3750 метр бийиктикте жайгашкан
2 / 11
Алтын кенинде азыр 400гө жакын куруучу, 140тай техника иштеп жатат
3 / 11
Алдын-ала болжолдоолор боюнча "Жер-Үйдө" 2,68 миллиондой унция алтындын кору бар
4 / 11
Аталган кенди иштетүү үчүн лицензияны чет элдик инвесторлор 20 жылдык мөөнөткө алган
5 / 11
Кенди ишке киргизүү үчүн инвесторлор акыркы үч жылда 104 миллион доллардан ашык каражат сарптаган
6 / 11
"Жер-Үй" кенинде кыргыз өкмөтүнүн бир пайыз дагы үлүшү жок, 2015-жылы ал толугу менен чет элдиктерге 20 жылга берилген
7 / 11
Кен өндүрүшкө кирсе, миңдеген жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот
8 / 11
"Жер-Үй" кенинде 2019-жылдан август айында алгачкы алтын чыгарыла баштайт
9 / 11
Алтынды иштеткенден кийин чыккан калдыктарды сактоочу аянт
10 / 11
Учурда кыргызстандык куруучулар түрдүү мүнөздөгү имараттарды куруу менен алек
11 / 11
"Жер-Үй" кени жалпысынан 1300дөй гектар жерди ээлейт