Россия Караколдогу Пржевальскийдин музейин оңдоого 11 млн. рубль бөлдү

Келерки жылы орус саякатчысынын 180 жылдыгы белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россия Караколдогу Николай Михайлович Пржевальскийдин музейин оңдоп, тегерек-четин жакшыртуу үчүн 10,9 миллион рубль бөлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине музейдин директору Зинагүл Камбарова билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы орус саякатчысынын 180 жылдыгы белгиленет. Ал эми 2017-жылы иш-чарага даярдык көрүү жана музейге капиталдык ремонт жасоо чечими кабыл алынган.

"Музейге 60 жыл болду. 40 жыл мурда ага улай имарат курулган. Капиталдык ремонт жасалган эмес. Мен жардам сурап Ысык-Көл облустук администрацияга кайрылгам, бирок жыйынтык болгон жок. Мындан улам "Орус географиялык коомчулугуна", андан кийин Россиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып колдоо таптым. Өткөн жылдын май айында элчи Андрей Крутько жеке өзү менин сунушумду колдогон эле", — деди Камбарова.

Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев билдиргендей, Крутьконун сунушу менен "Газпром" компаниясы музейди оңдоого 6,7 миллион рубль, тегерек-четин жакшыртууга 4,2 миллион рубль бөлгөн. Учурда имарат толугу менен оңдолуп, жазында аймагы жакшыртылат.