Пресс-борбор

Россиядагы мигранттардын көйгөйү жана аны чечүү жолдору талкууланат

Иш-чара 18-декабрда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

Урматтуу кесиптештер!

Силерди "Россиядагы мигранттардын көйгөйү жана аны чечүү жолдору" аттуу видеокөпүрөгө чакырабыз.

Иш-чара 18-декабрда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Видеокөпүрөнүн катышуучулары эмгек мигранттарынын Россияда жумушка орношуудагы көйгөйлөрүн чечүү жолдорун, чек арадан өтүүдөгү маселелер, укуктардын бузулушу жана балдарды мекенине алып келүүдө жарала турган тоскоолдуктарды болтурбоонун жолдорун айтып беришет. Ошондой эле кыргызстандыктардын Россияда жасаган кылмыштары тууралуу сөз болот.

Бишкектен катыша тургандар:

Абдирасул Абакирович АЙДАРОВ — "Замандаш" ассоциациясынын жетекчиси;

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү.

Москвадан катыша тургандар:

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.