Пресс-борбор

Россияда иштейм деген кыргызстандык чек арадан эмне деп айтышы керек

Орус тилин билбестик кишиге жакпаган окуялардын чыгып кетишине себеп болушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Чек арадагы түшүнбөстүктөр жөнүндө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчи-консулу Эдуард Насиров "Россиядагы Кыргызстандык эмгек мигранттардын жашоосун жакшыртуу" боюнча Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн видео көпүрөдө айтып берди.

Насировдун айтымында, көйгөй чек ара кызматынын өкүлү сапардын максатын сураган учурда чыгат.

"Кишилердин көбүн туугандары чакырат. Андыктан чек ара кызматынын өкүлдөрүнө Россияга иштегени баратам деп айтышпайт. Эгер чындап эле иштегени келе жаткан болушса, аны айтуу керек. Себеби тийиштүү белгиси жок болсо, алар Россиянын аймагында иштегенге укугу жок болуп калат", — деди ал.

Кеңешчи-консул белгилегендей, эгер адам чек арачынын суроосуна жооп бере албаса, алар кайра Кыргызстанга кайтарып жиберүүгө укуктуу.