Россия эл достугу окуу жайындагы Айтматов залын жасалгалоого 500 миң сом бөлүндү

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россия эл достугу университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин имаратында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоо максатында 500 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган каражат премьердин резервдик фондунан бөлүнөт.

Белгилей кетсек, быйыл белгилүү жазуучунун 90 жылдык мааракеси Кыргызстанда жана чет жерде кызуу белгиленүүдө.