Нарын дарыясын булгап жатат деген мал союучу жайдын ээсине айып салынды

Атайын кызматтын өкүлдөрү окуяны жеринен барып көрүп келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Нарын шаарынын Городок аймагында дарыяны булгап жатат деген мал союучу жайдын ээсине 5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Нарын райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Тазабек Мамыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин Нарын шаарынын тургундары мал союучу жайдан чыккан кан дарыяга кошулуп жатканын ырастаган видео, сүрөттөрдү редакцияга жиберген болчу.

Мамыров өзү жерине барып көргөнүн айтып, 5 миң сом өлчөмүндө айып салынганын билдирди.

"Жерине барып көрдүм. Дарыя жакка саркынды суулардын түшкөн изи бар экен. КР Административдик кодексинин 204-беренеси боюнча ("Жаныбарларды белгиленбеген жерлерде союу") 5 миң сом айып салынды. Аталган жер саркынды суулар төгүлө турчу жай оңдолгонго чейин жабылды", — деди ал.

Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат. Сүрөт
Ал эми мал союучу жайдын жаңы ээси Таалай Дүйшөков бул жерде мурда элдин малы союлуп келгенин, бирок жазында тийиштүү органдардын чечими менен жабылганын айтты. Учурда мал союучу жай элге кызмат көрсөтпөйт.

"Азыр малды өзүбүзгө деп эле соёбуз. Жумасына 3-4 кой, эки бодо мал союуга уруксатыбыз бар", — деди ал.

Дүйшөков "малдын каны атайын түтүк аркылуу дарыяга куюлуп жатат" деген маалымат чындыкка коошпой турганын айтты. Мурдагы чуңкурлардан саркындылар чыгып жатышы ыктымалдыгын айтып, алар сойгон малдын каны жаңы казылган жерге чогуларын кошумчалады.