БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Быйыл Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүндө иштеген кызмат адамдары мамлекеттик сатып алууда 613 мыйзам бузууга жол бергени аныкталды. Мындай маалымат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында өткөн Координациялык кеңешмеде айтылды.
Бүгүнкү жыйында мамлекеттик сатып алуулар жана саламаттык сактоо системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер каралды.
Бул мыйзам бузууларды четтетүү үчүн прокуратура органдары тарабынан 90 акт түзүлгөн. 238 киши административдик жоопкерчиликке тартылып, 24 кылмыш иши козголгон. Республикалык бюджетке 1 миллион 687 миң 632 сом кайтарылган.
Негизги мыйзам бузуулар дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, атайын автотранспортторду алуу мамлекеттик сатып алуу порталы аркылуу жүргүзүүдө болору белгилүү болгон.
Саламаттык сактоо министрлигиндеги жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам көпчүлүк учурда кымбат, техникалык талабы менен сапаты туура келбеген товарлар сатылып алынууда. Бул өз кезегинде мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланууга алып келип, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты да төмөндөп жатканы айтылды.