Өлкөдө жапайы жаныбарлар көбөйүүдө. Фотокапканга түшкөн сүрөттөр

15 жыл мурда ак илбирс жоголуп кетүү коркунучуна кептелсе, азыр анын популяциясы калыбына келе баштаптыр.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен чымчыктардын саны көбөйө баштады. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомство "Хан Теңири" жаратылыш паркы менен "Ысык-Көл" коругуна коюлган фотокапкандардан сүрөттөрдү алды.

1 / 7
Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен чымчыктардын саны көбөйө баштады.
2 / 7
Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
3 / 7
Снимки с фотоловушек, установленных в государственном природном парке "Хан Тенири" и заповеднике "Иссык-Куль"
4 / 7
Ведомство "Хан Теңири" жаратылыш паркы менен "Ысык-Көл" коругуна коюлган фотокапкандардан сүрөттөрдү алды.
5 / 7
"Ысык-Көл" коругунан 300гө жакын өсүмдүк, Кызыл китепке киргизилген 200дөй чымчык жана 25 жаныбардын түрүн көрүүгө болот.
6 / 7
Жыл сайын Кыргызстанга канаттуулардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бирок мурда жапайы жан-жаныбарларды, өзгөчө ак илбирсти көрүү татаал болуп калган.
7 / 7
Ал эми "Хан Теңири" жаратылыш паркында Кызыл китепке кирген чымчыктардын 200, жаныбарлардын 25 түрү бар.

"Ысык-Көл" коругунан 300гө жакын өсүмдүк, Кызыл китепке киргизилген 200дөй чымчык жана 25 жаныбардын түрүн көрүүгө болот.

"Сүрөттөрдү көрүп таң калдык. Андан сейрек кездешип калган жаныбарлар менен канаттуулардын көбөйүп калганын байкоого болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыл сайын Кыргызстанга канаттуулардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бирок мурда жапайы жан-жаныбарларды, өзгөчө ак илбирсти көрүү татаал болуп калган.

"15 жыл мурда ак илбирс жоголуп кетүү коркунучуна кептелсе, азыр анын популяциясы калыбына келип калды деп айта алабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми "Хан Теңири" жаратылыш паркында Кызыл китепке кирген чымчыктардын 200, жаныбарлардын 25 түрү бар.