Сыр болчу, эч ким билбеши керек эле! Финчалгындоо кызматы ячейка чуусу тууралуу

Социалдык тармактарга Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсептердин жана ячейкалардын ээлери боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. КРдин Финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банктардан эсептердин жана ячейкалардын ээлери боюнча маалыматты талап кылганы ачыкка чыкпашы керек болчу. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгы билдирди.

Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы
Эске салсак, социалдык тармактарга Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсептердин жана ячейкалардын ээлери боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тарап кеткен. Анда "Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, банктар өз кардарлары тууралуу маалыматтарды 2018-жылдын 17-декабрына чейин бериши керектиги айтылган. Ошондой эле бул реестр мыйзамсыз кирешелерге каршы иштөөгө колдонулары көрсөтүлгөн.

Ал эми Финансылык чалгындоо кызматы бул документ жөнүндө эч ким билбеши керек болчу деген пикирин айтты.

"Биз мыйзам чегинде гана иш алып барабыз. Ал эми бул документ капысынан ачыкка чыгып калыптыр. Мындай маалыматтар купуя сыр болуп эсептелет. Андыктан мындан ары эч нерсе айта албайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Финчалгындоо кызматынын башчылыгына Гуламжан Анарбаев дайындалды
Кат боюнча маалыматты "Кыргызстандын банктар союзунун" төрагасы Анвар Абдраев дагы тастыктады. Ал 24.kg агенттигине коммерциялык банктар документти талкуулаганын билдирди.

"Биз бир жыйынтыкка келдик. Бул талап Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келип, банк системасынын имиджине терс таасирин тийгизет", — деди Анвар Абдраев.

Мындан тышкары, төрага Финансылык чалгындоо кызматынын аракети экономикага көлөкөсүн түшүрүп, Кыргызстанды инвесторлор үчүн "жаап" коерун кошумчалады.