Пресс-борбор

Бишкекте шаардыктарды тез ташыган метробустар ишке кирет

Мэрия атайын автобустар үчүн өзүнчө линия ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Борбор калаада катуу ылдамдык менен жүргөн автобустук линия ачуу пландалууда. Бул туурасында Бишкек шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Бишкек мэриясы калаадагы транспорт көйгөйүн кантип чечет?" деп аталган тегерек столдун алкагында сүйлөдү.

Алмамбетованын айтымында, линия шаарды аралап өтүп, калаанын түштүк тарабын "Дордой" базары менен байланыштырат.

"Метробустар 2-3 мүнөттүк интервал менен каттайт. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана чыгаруу атайын турникеттер аркылуу жүргүзүлөт. Метробустар саатына 40-60 чакырым ылдамдык менен жүрөт", — деди ал.

Жол киренин баасы азырынча коюла элек. Аны Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бекитип берет.